Германияда жарык көргөн "Бранд айнс" журналынын мамлекеттик карызды жан башына бөлүштүрүү жана күнүмдүк төлөө узактыгы формуласын колдонуу менен Кыргызстандын тышкы карызы эсептелди.
Кыргызстандын 2012-жылда тышкы карызы 3 миллиард 666 миллион доллар же 180 миллиард 235 миллион сомду түзгөн. Ал эми республиканын калкынын саны 5 миллион 550 миңге жеткен. "Бранд айнстын" формуласына ылайык, өлкөдө жан башына тышкы карыз – 32 миң 474 сом. Демек, ар бир кыргызстандык күнүнө тышкы карыздан арылууга бир сомдон төксө, Кыргызстан карызынан 89 жылда кутулат.
Белгилей кетчү нерсе, бул жыйынтык көптөгөн өзгөрмө факторлорго байланыштуу жана дагы өзгөрүшү мүмкүн. Бул сумма тышкы карыздын көлөмүнө, калктын санына жана сомдун кунуна тикелей байланыштуу.
"Бранд айнс" экономика журналынын эсебинде, эгер ар бир америкалык күнүнө өкмөттүк карыздан арылууга бир евродон төксө, АКШ карызынан 111 жылда кутулат. Американын жалпы карызы 17 триллион доллар. Ал эми кризис эпкинен чыга албай жаткан Грециянын жарандары ар күнү бир евродон төксө, расмий Афина 78 жылдан кийин бересе болбойт. Грециянын мамлекеттик карызы – 300 миллиард евро. Ушул эле усул менен эсептегенде Германия мамлекеттик карызынан 74 жылда арылат. Германиянын карызы – 2.16 триллион евро. (BAz)