Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Сочи олимпиадасы түрк телесинде талаш жаратты


Кыргызстандын жаш фигуристтери, Бишкек, 23-февраль 2013-ж.
Кыргызстандын жаш фигуристтери, Бишкек, 23-февраль 2013-ж.
Кезектеги 22-кышкы олимпиада оюндары Түркиянын TRT телеканалында жана социалдык тармактарда кызуу талаш жаратты. Тагыраак айтканда, музда көркөм бийлөө таймашы телевидениеден көрсөтүлбөйт. Аялдар жана жуптар арасындагы спорттун бул түрүнөн мелдешти көрсөтпөө спортчу айымдардын кийиминен улам келип чыккан чечим. Фигуристтер бул туурасында үн ката элек.

Бул тыюу Түркиянын социалдык тармактарында көптөгөн кызуу талаш-тартыштарга себепкер болду. TRT каналы 1976-жылдан бери Кышкы олимпиада оюндарын чагылдырып келет. Музда көркөм бийлөө таймашында Түркия 2006-жылкы Турин олимпиадасында алгачкы жолу мелдешкен. Анда түрк спортчу айым Туба Карадемир 21-орунга илинген.

Музда көркөм бийлөө түрк телевидениесинде көрүүчүлөрдүн саны боюнча үчүнчү орундагы спорттун түрү. Түркияда "Музда бийлөө" телесынагы кеңири жайылган. Карадемир 2006-жылкы кышкы олимпиаданын ачылуу аземинде Түркиянын желегин алып чыккан. Ошондон бери өлкөдө музда көркөм бийлөөгө кызыгуу арткан. (BAz)

XS
SM
MD
LG