4 сааттай созулган жолугушуудан чыккандан кийин оппозиция лидерлери "Киевдеги кагылышуу, каршылаштыкты токтотуу шансы жогору" деп гана комментарийлешти. Арсений Яценюк, Виталий Кличко жана Олег Тягнибок украин президенти менен кандай макулдашуу болгонун чечмелеп айтышкан жок. Жолугушууда айтылгандарды алар партиялаштары менен талкуулай турганын гана эскертишти.