Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиевдин "Азаттыкка" билдирүүсүнө караганда, жыйын январь айынын соңунда же февраль айынын башында болот. Анын күн тартибинде Кыргызстандагы диний саясат болот. Молдалиевдин пикиринде, Кыргызстанда көпчүлүк мусулмандар карманган ханафий мазхабын өнүктүрүүгө багыт алуу туура кадам болот. Коргоо кеңешинин жыйынында дин саясатын жүргүзүү боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынышы белгиленүүдө. (AiT)