Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:52

"Ар-Намыс" жаңы айыл чарба министрин тандоодо


Парламенттеги "Ар-Намыс" фракциясы ушу тапта айыл чарба жана мелиорация министрлик кызматына талапкерлерди карап жатат. Кабарчыбыздын айтымында, 7 талапкер өз программа, планы тууралуу депутаттарга айтып бермекчи. Алар: Жумакадыр Акенеев, Таалайбек Айдаралиев, Байымбет Мураталиев, Жоомартбек Жумабеков, Султанбек Маткеримов, Жаныбек Керималиев жана Темирбек Сокеев. Арасында бул министрликти мурда жетектеп кеткендер да бар. "Ар-Намыстын" сунушу менен 2012-жылы министр болуп дайындалган Чынгысбек Узакбаев өткөн аптада иштен өз каалоосу менен кеткен болчу. (ZB/RK)
XS
SM
MD
LG