Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

Куралдуу топтун мүчөлөрүнүн сөөгү Кытайга өткөрүлөт


Кыргыз-кытай чек арасында жок кылынган 11 адамдын сөөгү Кытайга өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, уйгур сепартисттери деп шектелген топтун мүчөлөрүнүн сөөгү алгач Бишкекте экспертизадан өткөрүлөт. Андан соң Кытайга өткөрүлүп берилет. Бул боюнча Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги менен макулдашылды.

23-январда Ысык-Көл облусунда кыргыз-кытай чек арасында 11 кишиден турган белгисиз топ кыргыз күч кызматтары тарабынан жок кылынган. Алар чек арадан мыйзамсыз өтүп, жергиликтүү аңчы Александр Барыкинди мыкаачылык менен өлтүргөн. Чек арачылардын багынып берүү талабына көнбөй, куралдуу каршылык көрсөткөн соң, баары жок кылынган. Чек ара кызматынын версиясы боюнча кыргыз-кытай чек арасынан 80 чакырым ары жайгашкан Уши шаарчасынын уйгур улутундагы тургундары болушу ыктымал.(BkA)

XS
SM
MD
LG