Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Навальный Сочидеги коррупция боюнча сайт ачты


Оппозиция өкүлү Алексей Навальный Сочиде өтө турган Кышкы Олимпиядага байланышкан коррупциялык иштерге көз салуучу интернет сайт ачты. Soch.fbk.info деп аталган сайтта аз дегенде 10 олимпия жайынын курулушуна өз наркынан эки эсе кымбат каражат бөлүнгөн деп ырасталат. Ошондой эле эң кирешелүү курулуштар Кремлге жакын олигархтар менен компанияларга берилген деп айтылат.

Президент Путин жакында Сочи оюндарындагы курулуш долбоорлорунун ашкере кымбаттап кетишин инвесторлордун калпыстык кетирип, ката эсептеп алгандыгынан болду деп ырастаган. 2012-жылкы текшерүүдө Олимпия жайларын курууда 500 миллион доллар ашык сарпталганы аныктанган. Орусия келерки айда башталып жаткан Сочи оюндарына даярдыкка рекорддук 51 миллиард доллар бөлдү.

XS
SM
MD
LG