Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:54

Сокулукта бир адам өрт кырсыгынан каза тапты


Чүйдүн Сокулук районунда бир адам өрт кырсыгынан каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Ново-Павловка айылындагы Школьная көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайда өрт чыккан.Кырсык болгон жерден 42 жаштагы Кенжебек Бадакеевдин түтүнгө ууланган сөөгү табылган. Өрттүн себеби такталууда.Соңку суткада Кыргызстандын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG