Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Кара-Кечеде каза тапкан жарандын жакындары милицияга нааразы


Кара-Кечеде каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин жакындары милицияга нааразы. Бул тууралуу маркумдун агасы Барчын Орозобеков "Азаттыкка" билдирди. Учурда Мамбеталиевдин жакындары болгон 50дөй адам Чаек айылындагы Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн жанына чогулуп министрликтен өкүл келишин талап кылууда. Алар былтыр декабрда болгон каргашалуу окуяга байланыштуу тергөөнүн жүрүшүнө нааразы. Талаптар аткарылбаса боз үй тигип, жол тосууга камданып жатышат.

1-декабрда Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиев Кара-Кечеде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп Жумгалдын үч милиционерине карата кылмыш иш козголгон. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG