Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Улуттук банк: Доллар кескин кымбаттабайт


Кыргызстанда доллардын баасынын кескин жогорулашы күтүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн Улуттук банктан билдиришти. Январь айындагы жогорулоо сезондук себептерге жана эл аралык бир катар факторлорго байланыштуу болгону айтылды. Бирок, Улуттук банктын билдиришинче, азыр доллардын баасы турукташып калды жана анын кескин жогорулап кетүүсүнө эч кандай негиз жок.

Улуттук банктын бүгүнкү маалыматы боюнча, 1 доллар 50.79 сомду түздү. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча доллардын куну 3,89 пайыз жогорулап, быйыл 1-январга карата 49,24 сомду түзгөн болчу. Жыл башынан бери доллар дээрлик 1,5 сомго кымбаттады. (ZB)

XS
SM
MD
LG