Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Кара-Кечедеги өлүм боюнча сотко акыйкатчы өкүлү катышат


Кара-Кече көмүр кениндеги адам өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүүгө акыйкатчынын өкүлү да катышат. Бул тууралуу бүгүн акыйкатчынын кеңсесинен кабарлашты.

Маркум Айбек Мамбеталиевдин 30-40 жакыны кечээтен бери Чаекте наараазылык акциясын өткөрүп, милициянын жанына эки боз үй тигип турат. Алар "тергөө калыс жүрбөй жатат, кылмышка милиционерлер күнөөлүү" деп эсептейт. Акыйкатчынын Нарындагы өкүлү Тойгонбай Жаанбаев бүгүн акциянын катышуучулары менен жолукту.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун "Азаттыкка" билдиришинче, Мамбеталиевдин өлүмүнө шектүү деп кармалган эки милиционер өлкөдөн чыгып кетпөө тууралуу тил каттын негизинде соттун чечими менен камактан чыгарылган. Буга Бишкекте эки жолу өткөрүлгөн соттук-медициналык экспертизанын тыянагы негиз болгон. Анда Мамбеталиев ур-токмоктон эмес, өзү өлгөнү жазылган.

1-декабрда Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиев Кара-Кечеде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп Жумгалдын милиционерлерине карата кылмыш иш козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG