Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөт аралык сүйлөшүү өтүүдө


Ушу тапта Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөт аралык сүйлөшүү өтүүдө. Жолугушуу жабык өтүп жатканын "Азаттыкка" өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Ага тажик тараптан күч структуралары боюнча вице-премьер Мурадали Алимордон жана кыргыз тараптан коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер Токон Мамытов катышууда.

Соңку кезде чек ара маселесине байланыштуу кыргыз-тажик мамилелери өзгөрүп, кыргыз тарап Тажикстандагы элчисин чакыртып алган. 11-январда Баткенде Кыргызстан куруп жаткан унаа жол боюнча чатак чыгып, атышуу болгон. Тажик тарап ал жерди талаштуу деп, ал эми кыргыз тарап өзүнүкү деп эсептейт. (RK)

 

XS
SM
MD
LG