Италия полициясы Раффаэле Соллечитонун паспортун конфискация кылышканын кабарлады. Соллечито Италиянын Словения жана Австрия менен чектешкен жериндеги жатаканадан табылган.
Бир аз мурдараак Италиянын апелляциялык соту АКШ жараны Аманда Носкту жана анын досу Раффаэле Соллечитону 2007-жылы британиялык Мередит Керчерди өлтүргөнгө күнөөлүү деп тапты. Сот Ноксту 28 жыл алты айга, Соллечитону 25 жылга кести.
Нокс жана Соллечито 2009-жылы бул кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылган. Бирок эки жылдан кийин сот өз чечимин жокко чыгарып, алар эркиндикке чыгышкан. Кийин акыркы инстанциядагы сот бул чечимди четке кагып, ишти кайра кароону буйруган.
Италиядан АКШга кайткан Нокс акыркы жараянга катышкан эмес. Соллечито чечимди сот залында уккан. Италия АКШдан Нокстун экстрадицияланышын талап кылат деп күтүлүүдө.
Мередет Керчердин денеси Перужа шаарында, өз үйүндө табылган. Ал Аманда Нокс менен чогуу жашачу. Өлтүрүлгөнгө чейин ал зордукталган деген маалыматтар бар. Нокс өз күнөөсүн мойнуна алган эмес. Эми анын адвокаттары Италиянын Жогорку Сотуна арыз менен кайрылышарын жарыялашты. (AiK)