Нарындын Ат-Башы районундагы мал базарда жекшемби күнү иш кызыйт. Бул жерде козудан төөгө чейин төрт түлүктүн бардык түрү сатылат.
Ат-Башы: төрт түлүктүн ордосу

1
Мал базарда төө, топоздон тарта төрт түлүктүн бардык түрү сатылат.

2
Жылкы, уй, кой-эчки өзүнчө сатылат. Аларды Бишкектен бери келип алып кетишет.

3
Бул жылкынын баасы үчүн ээси 70 миң сурап турат. Жылкынын баасы 20ден 90 миңге чейин.

4

5
Тай-торпокторду көбүнчө согумга алышат.

6
Койлордун эң кымбаты 18 миң сомго чейин.

7
Эчки-улак сатып отурган бала. Эчкилер 5000 сомго чейин чыгат.

8
Топоздун баасы 50 миң сомдун тегерегинде.

9
Малды саткан киши айыл өкмөттөн малдын ээси экенин тастыктаган документ алып келиши керек.

10
Алыскы айылдан келгендер бул унааларга жүктөп келишет. Бир бодону 500 сомго салышат.

11
Бишкекке мындай жүздөгөн КамАЗдар кетет. Бодо малды 1000 сомдон жүктөшөт.

12
Мал менен аралаш тамак-аш да сатыла берет.

13
Мал саткан киши байлап келген жибин өзүнө алып калышы керек. Бул абалтан келе жаткан ырым. Жүгөн-ноктосун кошо сатып ийсең мал жукпай калат дешет. Андыктан даяр малдын жаңы ээлери үчүн жаңы жүгөн-ноктолор сатылат.

14
Мал базардан сары май, ич майдан өйдө табасыз.

15
Кышкысын отун издегендерге "тоо чөбүнөн" көң даярдап саткандар да бар.

16
Ат-Башыдагы усталардын жыгачтан жасаган эмеректери.

17
Жергиликтүү уздар жасаган тебетей-тумактар.

18
Ат жабдыктары. Ээр токумдард 5 миңден 10 миң сомго чейин сатылат.

19

20
Жашылча-жемиштердин басымдуу бөлүгү Кытайдан ташылып келет.