Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Обама Сочи Олимпиадасы тынч өтөөрүнө ишенет


АКШнын президенти Барак Обама Сочиде 7-февралда баштала турган кышкы олимпиада оюндары тынч өтөөрүнө ишенерин CNN телеканалына берген маегинда жума күнү билдирди. Обама америкалыктарга Сочиге эч коркпой бара берүүгө кеңеш берди. Орусиялыктар мындай иш-чаранынын алдында коопсуздук чараларды көрүп жатканына ишенерин да кошумчалады. Обаманын айтымында, эл көп чогулган жерлерде ар дайым "айрым тобокелдер" жаралат. Ошондой эле АКШнын коопсуздук күчтөрү орусиялык кесиптештери менен коопсуздукка чогуу көз салып жаткандыгына ишендирди. АКШ президенти мындай иш-чаралар Кошмо Штаттарда өтсө, коопсуздук толук көзөмөлдөнүп, көңүл ток болмок деген ойду да айтты (AiK).

XS
SM
MD
LG