Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

ӨКМ: Жайылда мергенчи изделүүдө


Жайыл районундагы Абла жайлоосуна мергенчиликке чыккан үч жарандын бирөө - Эрнис Мамбеталиев дайынсыз жок болууда. Аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алты куткаруучусу издеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн аталган министрликтин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Маалыматка ылайык, Мамбеталиев эки шериги менен Абла жайлоосуна ууга чыгышкан. Шериктеринин айтуусу боюнча, ал кар көчкүдө калган. Мамбеталиевдин жоголгону боюнча маалымат куткаруучуларга кечээ, 1-февралда түшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG