Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Кой-Ташта аскердин өлүмү иликтенүүдө


Коргоо министрлиги аскердин өлүмүн иликтеп жатат. Бүгүн түшкө маал Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында жайгашкан аскердик бөлүктүн эски казармаларынын биринде моюнунан асынган аскердин сөөгү табылды. Каза тапкан 20 жаштагы жигит аскерге былтыр апрель айында Жалал-Абаддан чакырылган. Кызматы аяктаарына эки ай калган. Коргоо министрлигинин өкүлү Эрнис Эламановдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда:

- Окуянын себебин кызматтык иликтөө аныктайт. Бирок, алдын ала маалымат боюнча, үй-бүлөлүк проблемалары болушу мүмкүн. Себеби бул жакта аны эч ким урган эмес, тамак-ашы жетиштүү болчу.

Учурда Бишкек гарнизонунун аскер прокурору тергөөчүлөр менен окуя болгон жерде иштеп жатат.

Ушуну менен жыл башынан бери аскер кызматкерлери арасында экинчи өлүм катталууда. Өткөн айда мындай окуя Канттагы аскер бөлүктө болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG