Москвадагы мектептердин биринде ок ачкан окуучуну психиатрлар текшерүүдө. Ал тергөөчүлөр тарабынан суракка алынып жатканын Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин билдирди.
Буга чейин баш калаанын Отрадное районундагы мектепте жогорку класстын окуучусу 20дан ашык кишини барымтага алганда география мугалими жана бир полициячы окко учуп, дагы бир полициячы жарадар болгону кабарланган. Барымтадагылар аман-эскен бошотулду.
Окуя боюнча Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча иш козголду. Ички иштер министрлиги маалымдаганына караганда, эки мылтык кол салган баланын атасыныкы болчу жана расмий катталган.