Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Багдаддагы бомба чабуулдарынан кеминде 22 адам өлдү


Багдаддын мыкты күзөтүлгөн Жашыл зонасына туташ бөлүгүндө автомобилдерге коюлган бомбалар жарылып, кеминде 22 адамдын каны төгүлдү.

Жарадарлардын саны 30дан ашат. Жашыл зонада Ирак өкмөтү жана батыш элчиликтери жайгашкан. Бир бомба Ирактын Тышкы иштер министрлигинин маңдайында жарылды. Машинечен жанкечти экинчи бомбаны ресторанга чукул келип жардырса, башка бир жардыруу Багдаддын ортосундагы Куллани майданында болду. Бомба чабуулдары үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өзүнө ала элек. 4-февралда Жашыл зонага белгисиз бирөөлөр аткан эки ракета келип түшкөн. Соңку бомба чабуулдары Ирак өкмөтү өлкөнүн коопсуздугун камсыздай алабы деген чочулоону күчөттү.

XS
SM
MD
LG