Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Эштон: Украинадагы кризисти басуу үчүн көп иштерди жасоо зарыл


Украин өкмөтү менен оппозиция ортосундагы тирешүүнү жөнгө салуу үчүн дагы көп иштер жасалышы керек. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон 5-февралда Киевде президент Виктор Янукович жана оппозиция лидерлери менен кездешкен соң билдирди. Украин президентинин кеңсеси жасаган билдирүүдө Янукович жана Эштон саясый жагдайды стабилдештирүүнүн жолдорун, экономикалык реформаны аткаруу чараларын жана демократиялык институттарды бекемдөө маселесин талкуулашты. Ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыздоо жана Киевде болгон коогалаңдуу тирешүүлөрдү иликтөө зарылдыгы жөнүндө да эки жак сүйлөшкөнү маалымдалды.

Киевде антиөкмөттүк акциялар ноябрда Янукович Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол койгондон баш тартканда башталган. Нааразылыкка чыккандардын талабынан улам Микола Азаров премьер-министрликтен кеткен. Парламенттеги оппозициячыл фракциялар 2004-жылкы "Саргылтым революция" кезде кабыл алынган Конституцияга кайра кайтууну жана президенттин бийлик укугун чектөөнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG