Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Сочи-2014: Кыргыз туусун Трелевский көтөрүп өтөт


Бүгүн Сочиде башталып жаткан Кышкы олимпиаданын ачылышында Кыргызстандын мамлекеттик туусун Дмитрий Трелевский көтөрүп өтөт. Салтанат символикалуу түрдө Москва убактысы боюнча 20:14тө башталып, олимпиада оту жандырылат.

Трелевскийди коштоп машыктыруучусу Игор Борисов, Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Канат Аманкулов, команданын уюштуруучусу Саламат Эргешов чыгат.

Олимпиаданын ачылыш аземине кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев да катышат. Сочиде коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн "Азаттыктын" баяндамачысы Кабыл Макеш кабарлоодо.

Трелевский лыжа спортунун үч түрүндө таймашка чыгат. 16-февралда супергигант, 19-февралда гигант слалом жана 22синде слалом боюнча мөөрөй талашат. (KMa/RK)

XS
SM
MD
LG