Евробиримдиктин 13 мүчөсү “Чыгыш өнөктөштүгү” программасын өнүктүрүүнүн долбоорун талкууга даярдашты. “Азаттык/Эркин Европа” радиосунун кабарчысы таанышкан бул документ “Вильнюстан кийинки “Чыгыш кызматташтыгынын” 20 тезиси” деп аталат. Долбоордо Ассоциациялык келишимге кошулчу мамлекеттер менен “Европалык пакетти” талкуулоо сунуш кылынат. Пакет визаны жеңилдетүү, студенттерди алмашуу, эки жактуу программаларды кеңейтүү сыяктуу маселелерди камтыйт.
Документте былтыр ноябрда Ассоциациялык келишимге кол коюудан баш тарткан Украинадагы кырдаалды кылдат байкап туруу, Молдова жана Грузия менен Ассоциациялык келишимге кол коюуну тездетүү сунуш кылынат. Береги эки өлкө менен келишим августта түзүлөт деп мерчемделип жаткан. Жаңы долбоор - Орусиянын коңшу мамлекеттерге непада жасачу кысымына Евробиримдиктин жообу болмокчу.
“Чыгыш өнөктөштүгү” программасына Азербайжан, Армения, Белорус, Грузия, Молдова жана Украина кирет.