Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Ошто жасалма күбөлүк көтөргөн адам кармалды


Ошто УКМКнын жасалма күбөлүгүн көтөрүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” кабарлады.

Кармалган жаран 1984-жылы туулган. Ал жасалма күбөлүктү ири көлөмдөгү акча талап кылып, өндүрүү үчүн пайдаланган. Учурда бул боюнча алданган жарандардан арыздар түшүүдө.

УКМК күбөлүгүн көтөргөн адам буга чейин эле издөөдө жүргөн. Азыр ал убактылуу кармоочу жайда отурат. (YI)

XS
SM
MD
LG