Ушул аптада Өзбекстандан сатып алчу семирткичтин алгачкы бөлүгү ташылып келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кийинки аптада дагы 8 миң тонна жер семирткичтин ташылып келээри күтүлүүдө. Жалпысынан 200 миң тонна жер семирткич Кыргызстандын жылдык муктаждыгын канааттандырат. Сатып алына турган жер семирткичтердин катарында аммиак селитрасы, карбамид, сульфат аммоний бар. Кошуна өлкө менен азырга чейин 60 миң тонна жер семирткич алууга келишим түзүлгөн.
Өкмөт бул жер семирткичтер дыйкан колуна мамлекет койгон баада тийүүсүнө аракет жасарын билдирүүдө.(BkA)
Өкмөт бул жер семирткичтер дыйкан колуна мамлекет койгон баада тийүүсүнө аракет жасарын билдирүүдө.(BkA)