Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:04

Йемен федералдык башкаруу системасына өтөт


Президент Абдел Раббо Мансур Хади башындагы атайын комиссия Йемендин бардык региондорунан келген өкүлдөр менен эки жума масилээттешкен соң ушундай бүтүмгө келгени 10-февралда жарыя кылынды. Ага ылайык, Йемендин түштүгүндө эки, түндүгүндө төрт федералдык чөлкөм болот. Өлкө борбору Санаа эч бир чөлкөмгө кирбейт. Жаңы башкаруу түзүмү жалпы элдик референдумда кабыл алынчу жаңы конституцияга киргизилет.

Ондогон жылдардан берки борборлоштурулган башкаруу Йемендин түндүгү менен түштүгү ортосундагы чатакташууларга түрткү болуп келген. Өлкөнүн түштүгүнөн чыккан көпчүлүк саясатчылар Йемен эрктүү мамлекет болгондон кийин эки гана региондон туруш керектигин талап кылып жатышкан.

XS
SM
MD
LG