Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Сирия оппозиция талабын кайталады


10-февралда Женевада Сирия өкмөтү менен оппозициясынын тынчтык сүйлөшүүсүнүн жаңы айлампасы башталды. Оболу БУУнун жана Арап Лигасынын Сирия боюнча чабарманы Лахдар Брахими тараптар менен жекеме-жеке кездешти.

Сирия оппозициясынын өкүлү Мунзер Акбик Женевада кабарчыларга өздөрүнүн талабы жөнүндө мындай деди: “Биз өткөөл өкмөт түзүмү боюнча өзүбүздүн саясый позициябызды билдирген дагы бир документти киргиздик. Бул Женева коммюникесинде каралган. Биздин көз карашыбыз боюнча, өткөөл өкмөт толук укуктуу болуп, бейтарап чөйрөдө болсо, коогалаңды токтотуп, өлкөнү элдешүүгө жана демократияга багыттай алат.”

Январда тынчтык сүйлөшүүсүнүн алгачкы айлампасы ийгиликсиз бүткөн. Оппозиция өткөөл өкмөткө президент Башар Асад кирбесин деп талап кылууда.

XS
SM
MD
LG