Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:35

Балыкчыда ок жеген милиционерлерге акчалай жардам бөлүндү


Акчалай жардам КР президенти Алмазбек Атамбаевдин резервдик фондунан бөлүндү. Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, Балыкчыда кылмышкерлердин колунан ок жеп каза тапкан милиционер Бакыт Абдраевдин үй-бүлөсүнө 100 миң сом, ал эми жарадар болгон кызматкерге 50 миң сом берилди. Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчы кызмат өтөп жатып курман болгон милиционердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, ал эми жарадар болгон кызматкердин эртерээк айыгып кетүүсүнө каалоосун билдирген.

9-февралда, күндүзгү саат беш чендерде белгисиз бирөөлөр Балыкчыда жол-кайгуул кызматкерин жана милиционерди кызмат өтөп жаткан жеринен атып, качып кетишкен. Милициянын аракети менен кечээ кечке жуук Токтогул шаарчасында ок чыгаргандар: Заур Магомедов менен Бердимурат Арчаевдин орду аныкталып, аларды кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнүнө байланыштуу атып өлтүрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG