Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Казакстанда министр орун басары пара алганы үчүн кармалды


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети өлкөнүн коргоо министринин орун басары Багдат Майкеев чоң өлчөмдө пара алганы үчүн кармалганын тастыктады. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги жазып чыкты.

Алтымыш жаштагы Майкеев коопсуздук комитетинин тергөө абагына камалды. Ал бул кызматты 2011-жылдан бери ээлеп турат, ага чейин ички иштер министринин кеңешчиси болуп, Алматы облусунун ички иштер департаментин да жетектеген.

XS
SM
MD
LG