Теңгенин куну расмий 19 пайызга чейин арзандаса, каржы рыногунда 30 пайызга чейин түшүп кетти. Бул акыркы беш жылдагы эң чоң арзандоо. Казак өкмөтү девальвацияга атайын барганын айтып жатат.
Казакстандын улуттук банкынын төрагасы Кайрат Келимбетов 11-февралда журналисттерге арзандоо боюнча буларды маалымдады:
-Улуттук банк бүгүндөн баштап теңгенин буга чейинки курсун колдоодон баш тартуу чечимин кабыл алды. Жаңы курс боюнча 1 доллар 186 теңгенин айланасында болот.
Буга чейин 1 доллар 156 теңгеге барабар болчу.
Кыргызстандагы валюта базарында шейшембиден тарта 1 казак теңге баасы 25 тыйынга чейин түштү. Буга чейин 30 тыйындын айланасында болчу.