Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:55

Ошто Орусияга кеткен күйөөсүн издеген аялдар көбөйүүдө


“Укук жан тартип” уюмуна 2013-жылы Орусияга кеткен жолдошун издеп 20 аял кайрылса, быйыл бир айдын ичинде эле 4 айым жардам сурады. Бул тууралуу “Эдвокаси” укук коргоо борборунан билдиришти.

Үй кожоюндары дайынсыз кеткендиктен бардык түйшүк аялдын мойнуна жүктөлүп, ошол үй-бүлөлөрдө социалдык жактан кыйынчылык өсө баштады.

Азырынча, аялын таштап, дайынсыз жүргөн эркектер тууралуу анык маалымат жок. Божомолдор боюнча, алардын айрымдары чет элге барып жаңы үй-бүлө куруп алышы да ыктымал. (SE)
XS
SM
MD
LG