Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:43

Парламентте вице-спикерлерди жыл сайын алмаштыруу сунушталууда


Бүгүнкү отурумда берилген мыйзам долбоорунда вице-спикерлерден тышкары комитет жетекчилерин да жыл сайын ротациялоо сунушу берилген. Долбоорго ылайык бул зарылчылык парламенттин ишин жакшыртууга түрткү болот. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Нуркамил Мадалиевдин айтуусунда аталган мыйзам парламенттеги коррупциянын алдын алууга, андан тышкары жалпы эле өлкөнүн өнүгүүсүнө шарт түзүүгө өбөлгө боло алат.
Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров бул мыйзам долбоору Башмыйзамга каршы келет деп билдирди. Парламенттин “Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү” комитети сунуштап жаткан бул мыйзам долбоорун жалпы добуш берүүгө коймокчу.

Бүгүнкү күнү Жогорку Кеңештеги айрым комитеттерди тармакка тиешеси жок депутаттар жетектеп отурганы тууралуу нааразылыктар айтылып жүрөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG