Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Казакстандыктар Улуттук банкка нааразы


Бүгүн 12 - февралда Алматыда ондогон нааразы адамдар Улуттук банктын кеңсесинин алдына пикетке чыкты. Алар казак теңгесин 19 процентке арзандатуунун жүйөөсүн түшүндүрүп берүүнү талап кылышты.

Кээ бир нааразылар Улуттук банктын төрагасы Кайрат Келимбетовду тилдешип, тез кызматтан кетүүгө чакырышты. Төраганын орун басары Кубат Кожахметов митингчилер менен кездешип, баалардын жогорулашына жол берилбейт жана доллар менен алынган кредиттердин төлөмү өзгөрүлбөйт деп сөз берди. Кайрат Келимбетов өткөн декабрда теңге жакынкы айларда девальвацияланбайт деген болчу. Учурда 1 доллар 186 - 200 теңгеге сатылууда. 10-февралда 1 доллар 156 теңге эле.

XS
SM
MD
LG