Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Украина - Кыргызстан бизнес-форуму болот


1-3-апрелде Киев жана Херсон шаарларында Кыргызстан-Украина бизнес-форуму өтөт. Эки мамлекет аралык соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган бул жыйынга Кыргызстандан 30 ишкер келет деп мерчемделүүдө.

Форумга даярдыктын жүрүшү 11-февралда Кыргыз элчилигинде эки өлкөнүн Соода палатасынын жооптуу кызматкерлери жана Украинадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкууланды. Кыргыз элчилигинин маалымдашынча, Бишкектен келчү делегация мүчөлөрү 1930-жылдары Херсон жерине жазыксыз айдалып, каза тапкан кыргыздардын мазарына барып, зыярат кылышат.

Репрессияда жүрүп өлгөн кыргыздарга Кыргыз элчилигинин демилгеси жана Херсон облжетекчилигинин колдоосу менен Цюрупин районундагы Виноградово (мурдакы Чалбасы) жана Чаплинск районундагы Хрестовка кыштактарында 2013-жылы күздө эстелик тургузулган.

XS
SM
MD
LG