Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Талиптер дагы 9 адамды жайран кылды


Пакистандык согушчандар Пешавар шаарында талиптерге каршы түзүлгөн милициянын акимин өлтүрүп кетишти. Полициянын билдиришинче, 25 согушчан 12-февралда милиция акиминин үйүнө кол салып, аны жана сегиз тууганын тындым кылышкан.

Бир күн илгери Пешавардагы кинотеатрга ыргытылган гранатадан 13 киши жайран болгон. Береги чабуулдар үчүн эч бир уюм өзүнө жоопкерчилик албады. Пакистан талиптери улуттук өкмөттү кулатып, ордуна шариятка таянып башкарган ислам мамлекетин куруу үчүн согуш жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG