Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Парламент Ош жана Жалал-Абад боюнча дирекциянын маселесин түштөн кийин карайт


Июнь каргашасында жабыркаган шаарларды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматы бүгүн түштөн кийин каралат. Бул маселе парламенттин бүгүнкү күн тартибине киргизилди.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы 2010-жылдын июнь окуясынан кийин түзүлгөн. Ал жабыркагандарга жардам, курулуш жана каржылык көмөктү жөнгө салуу милдетин аткарып келген. Дирекция мамлекеттик башкарууну оптимизациялоо боюнча комиссия сунушуна байланыштуу былтыр январь айында жоюлган.

Аталган дирекцияны азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген. Депутаттык комиссия дирекциянын ишинде бир топ кемчиликтер табылганын буга чейин маалымдаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG