Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Азербайжанда өзүн өрттөгөн адам ооруканага жеткирилди


Азербайжанга караштуу Нахичевань автономиялык республикасында 41 жаштагы киши өзүн-өзү өрттөгөн соң оор абалда ооруканага жеткирилди. Хусейн Маммадов ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн алдына чыгып, өзүнө бензин чачып, өрт койгон. Күбөлөр Маммадов мындай кадамды ички иштер министрлигине айдоочу күбөлүгү боюнча барган соң жасаганын айтышууда. Анын агасы Рамик Маммадов өрт коюунун себептерин билбестигин кабарлады.

Былтыр декабрдын аягынан бери Азербайжанда өзүн-өзү өрттөгөндөрдүн саны бешке жетти. Өткөн жумада Бакуда өзүнө өрт койгон аял каза тапты. Өткөн айда эки адам коомдук жайда өзүн өрттөгөн, азыр алар ооруканада. Декабрда карабахтык согуш ардагери өзүн өрттөп, каза тапкан. (AiK)

XS
SM
MD
LG