Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Керри: Машыгуулар үй-бүлөлөрдүн кездешүүсүнө таасир этпеши керек


АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Сеулдагы сапары учурунда Түндүк менен Түштүк Кореянын сүйлөшүүлөрүн кубаттады. Ошол эле учурда Пхеньянды алдыдагы Түштүк Корея - АКШнын биргелешкен машыгууларына жолтоо болбоого чакырды. Түштүк Кореянын тышкы иштер министри менен жолугушкандан кийин Түндүк Корея 1950-1953-жылдардагы согушта экиге бөлүнгөн үй-бүлөлөрдүн кездешүүлөрүн машыгуу менен байланыштырбоо керектигин айтты. Түндүк Корея эки өлкөнүн аскерий машыгууларын согушка даярдык деп сыпаттайт.

Шаршембиде Түштүк Корея менен жолгушуу учурунда Түндүк Корея машыгууларды токтотууну талап кылды, болбосо экиге бөлүнгөн үй-бүлөлөрдүн пландаштырылган жолугушуусу болбой калаарын эскертти. Керри Сеулдан кийин Кытайга жана Индонезияга барат, территориалдык талаштар боюнча сүйлөшүүлөр өтөт. Түштүк жана Түндүк Кореянын расмий сүйлөшүүлөрдү 14-февралда улантылат. Бул жолугушуунун негизги темасы 20-25-февралга планташтырылган үй-бүлөлөрдүн жолугушуусу болмокчу. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы 12-февралда өттү, бирок тараптар талаштуу маселелерде мунасага келе алышкан жок (AiK).

XS
SM
MD
LG