Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Орусия Батышты Украинадагы жагдайга киришпөөгө үндөдү


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кайрадан Батышты Украинадагы саясий кризиске кийлигишпөөгө чакырды. Ал мындай кайрылууну жума күнү (14-февраль) Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вольтер Штайнмайер менен Москвада өткөргөн маалымат жыйынында жасады:

- Биздин позициябыз жакшы маалым. Украиндер саясий кризистен чыгуунун жолун өздөрү табыш керек. Бул Украина элинин кызыкчылыгына ылайык болот. Украинанын башка өнөктөштөрү да ушул принципти карманат деп ишенебиз.

Лавров Европа Биримдигин Киевди Ассоциациялык келишимге кол койдурганга аракет кылып, “өзү таасир этчү чөйрөнү түзгөндүн” амалын кылууда деп күнөөлөдү.

Бир күн мурда Лавров “Коммерсант” гезитинде Москва менен Евробиримдиктин мамилесинде “чындыктын сааты келди” деп жазган.

XS
SM
MD
LG