Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Керри Кытайды бир жактуу кадамдарга барбаганга чакырды


АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри Кытайды бир жактуу түрдө талаштуу Чыгыш Кытай деңизи кирген абадан коргонуунун жаңы зонасын түзбөөгө чакырды.

Керри 14-февралда Бээжинде кабарчылар менен кездешүүдө Кытайдын бир жактуу кадамы аймактагы стабилдүүлүккө коркунуч туудуруп, талаштуу аралдар боюнча Бээжин-Токио арасындагы араздашууну курчутушу ыктымал деди.

Жума күнү эртең менен Жон Керри Кытайдын президенти Си Цзинпин менен сүйлөшкөн. Ал Түндүк Кореяга байланыштуу сүйлөп, Пхеньян “ядролук куралсыздандырууну көздөй олуттуу, конкреттүү жана чечкиндүү кадам жасашы керек” деди.

XS
SM
MD
LG