Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү уланууда


Бишкекте кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрүнүн чек арадагы жаңжал боюнча сүйлөшүүсү уланууда. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жума күнү башталган сүйлөшүүгө эки өлкөнүн коопсуздук боюнча вице-премьер-министрлери Токон Мамытов менен Мурадоли Алимардон баштаган делегациялар катышууда. Анда 30-31-январда Бишкектеги жолугушуунун жыйынтыгы талкууланууда. Өткөн айдын этегинде Токон Мамытов менен Мурадоли Алимардон жолугуп, куралдуу кагылышка байланышкан бардык маселелерди чечүүнү макулдашкан болчу.

Кыргыз-тажик чек арасы 11-январда болгон эки өлкө чек арачыларынын ортосундагы атышуудан соң жабылган. Анда беш кыргызстандык жоокер, бир милиция кызматкери жараат алган. Тажикстандын үч чек арачысы да жарадар болгону кабарлаган. Бул чатактын чыгышына эки өлкө бири-бирин айыптап келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG