Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Баткен: Ооганчы аскерлер киши колдуу болгон Эралиевди эскерди


Баткенде да советтик аскерлер ооган жергесинен толугу менен чыгарылгандыгынын 25 жылдыгы белгиленди.Ооганчы аскерлер бул күнү өткөн жылдын 5-сентябрында Кара-Булак айылында үй-бүлөсү менен бирөөлөр атып кеткен ооганчы Тажибай Эралиевди да эскеришти.

Түн ичиндеги ок атууда Тажибай Эралиевдин үй-бүлөсүнөн 52 жаштагы жубайы, уулу, келини жана 1 жаштагы небереси жан берген. Башына ок тийген Тажибай Эраилев өзү эки жумадан кийин каза тапкан. 1981-1982-жылдары бир туугандар Тажибай жана Алибай Эралиевдер Ооганстанда кызмат өтөгөн.

Тажибай Эралиевдердин үй-бүлөсүн аткан деп шектелгендердин соту Баткен райондук сотунда каралып, кароо мөөнөтү бүткөндүктөн ушул ай башында облустук сотко өткөрүлүп берилген. (JsA)

XS
SM
MD
LG