Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматын угуу 19-февралда уланат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматы 13-февралда угула баштаган. Анда азыркы өкмөт башчы, 2010-жылы дирекцияны жетектеген Жантөрө Сатыбалдиев депутаттардын суроолоруна жооп бере баштап, бирок аягына чыкпай калган. Депутаттар Ошто үйлөр сапатсыз курулган, коррупциялык көрүнүштөргө жол берилген деп айыптоодо. (AiT)