Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:19

Аба ырайы: кар көчкү коркунучу сакталууда


Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү болушу мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга этият болууну жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону эскертет.

Кар көчкү коркунучу Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайку, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Нарын - Торугарт, Казарман - Акталчак, Баетов – Ак-Кыя, Арал - Миң-Куш унаа жолдорунда 21-февралга чейин сакталат.

Аба ырайы

Өлкө аймагында 19-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз айрым жерлерде жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 9 метрге чейин жетет

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, түндүк тарабында 0...-5, күндүз 2...7,
Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 1...6,
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 2...7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4,
Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -7...-12,
Тоолуу аймактарда түнкүсүн -17...-22, күндүз -8...-13 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн -1...1, күндүз 5…7 градус болот.

XS
SM
MD
LG