Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Дмитрий Трелевский Москвада дарыланат


Сочиде машыгуу учурунда бутун сындырып алган Дмитрий Трелевский Москвада дарыланууну улантат. Учурда ал Красная полянадагы олимпиадалык айылда дарыланууда. 17-февралдан тарта балдак менен өзү басып, жакын жердеги ашканага тамактанганы бара баштады.

Улуттук олимпиада комитетинин Сочидеги өкүлү Саламат Эргешовдун айтымында, Трелевский жакында Москвага эки айлык дарыланууга жөнөтүлөт. Акысыз медициналык кароодон өтүшү үчүн документтер даярдалууда.

Трелевскийдин ордуна кышкы олимпиадага Кыргызстандын атынан Евгений Тимофеев катышууда. Ал 19-февралда гигант-слалом, 22-февралда слалом боюнча күч сынашат. (KMa\SE)

XS
SM
MD
LG