Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

ЕБ жетекчилиги Киевдеги коогалаңды айыпташты


Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон Киевде протестчилер менен коопсуздук күчтөрү ортосунда жаңы болгон тирешүүлөргө байланыштуу тынчсыздануу билдирди. Эштон айым 18-февралдагы кагылыштарды, анда зобун-зордукка жол берилишин, ошондой эле коомдук жана партиялык имараттарга каршы жасалган кыянаттыктарды айыптап, бардык тараптарды сабырдуулукка жана сүйлөшүүлөрдү улантууга үндөдү.

Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц Киевдеги тирешүүдө “адам өлүмү болду" деген маалыматты угуп, үрөйү учканын жана кайгырганын билдирди. Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт Твиттерде Украинада ар бир адам бүгүнкү трагедиялуу өлүмдөрдөн кийин абалды тынч жана зордук-зомбулуксуз чечкенге жооптуу экенин жазды. Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорски тараптарды сабырдуулукка жана саясий мунасага барууга чакырды.

XS
SM
MD
LG