Ысык - Көл облусунда жыл башынан бери 52 өрт кырсыгы катталып, андан 2,5 миллион сомдой чыгаша келген. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук өрткө каршы кызматынын капитаны Бекжан Жексенбиев билдирди. Өрттүн кесепетинен эки ай ичинде 3 адам каза болуп, беш имарат жарактан чыккан. (MK)