Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Дирекциянын кемчилигин жашырган мекемелерди жоопко тартуу сунушталды


Жогорку Кеңеште Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын кемчиликтерин жашырган мекемелерди жоопко тартуу демилгеси көтөрүлдү. Мындай сунушту КСДП фракциясынын мүчөсү Дамира Ниязалиева айтты. Депутат билдиргендей, Эсеп палатасы менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция мамлекеттик дирекциянын ишиндеги кемчиликтерин жашырган.

Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда аталган дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссиянын жыйынтыгын кароону улантып жатат.

Аталган корутундуда дирекция бир катар каржылык мыйзам бузууларга жол берип, курулуш иштерин сапатсыз жүргүзгөнү белгиленген. Мындан улам депутаттык комиссия аталган дирекциянын ишин Эсеп палатасы кайрадан текшериши жана буга укуктук бааны Башкы прокуратура бериши керектигин билдирген. Сатыбалдиев бул боюнча кайра текшерүү жүргүзүлүшүнө каршы эместигин айтууда.

Июнь калабасынан соң түзүлгөн Мамлекеттик дирекцияны ошол кезде Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген. (BkA\SE)

XS
SM
MD
LG