Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнарага байланыштуу он адамга карата кылмыш иши козголду. Өлкөнүн башкы прокуратурасы бейшемби күнү Гүлнаранын көңүлдөшү катары таанымал Рустам Мадумаров, Каримованын жакын бизнес өнөктөшү Гаяне Авакян жана Екатерина Клюева көз боёмочулук, мыйзамсыз бизнес жасоо, арам акчаны адалдаштыруу, салыктан качуу жана өлкөдөн чоң суммадагы акча алып чыгуу боюнча шектелип жатканын жарыялады.
Буга чейин Гүлнара Каримованын Ташкенттеги үйүндө коопсуздук кызматтары тарабынан тинтүү болгонун, анын компаньондору камалганы кабарланган эле. Буга чейин Каримовага каршы Швецияда жана Швейцарияда арам акчаны адалдаштыруу боюнча кылмыш иштери козголгон, анын бир нече медиа компаниясы Өзбекстанда обого чыкпай калган жана Терра Групп медиа холдингине каршы пара алуу боюнча кылмыш иши козголгон. (AiK)