Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Сокулукта төрөткана башчысы пара алып жатканда кармалды


Сокулук районундагы аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы паракорлукка айыпталууда. Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, бөлүм башчы анын үстүнөн жазылган арыздын негизинде 19-февраль күнү кармалган.

Маалыматка ылайык, 53 жаштагы бөлүм башчы 14-февралда төрөтканадагы келиндердин биринен 1000 доллар пара сураган. 19-февраль күнү 20 миң сом алып жаткан учурда милиция жана прокуратура кызматкерлери тарабынан колго түшкөн.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG