Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Киевдин мэри башкаруучу партиядан чыкты


Киев шаардык администрациясынын жетекчиси Владимир Макеенко кан төгүүлөргө каршылык билдирип, президент Виктор Януковичтин "Региондор" партиясынан чыкты. Мэрдин кызматын аткаруучу Макеенко өз билдирүүсүндө Киевдеги окуялар "украин эли үчүн трагедия" экенин айтып, кан төгүүнү токтотууга болгон аракетин жумшаарын кошумчалайт. Президент Янукович январь айында мурдагы мэр демонстранттарга күч колдонду деген кине менен иштен алынган соң, Макеенкону мэрдин милдетин аткаруучу катары дайындаган.

Киевдин борбордук аянтында демонстранттар менен полициянын ортосундагы кагылышууларда жалпысынан 35 адамдын өлгөнү расмий түрдө тастыкталды. Саламаттыкты сактоо министрлиги жети адамдын өлүмүн такстыктады, анын экөөсү - полиция кызматкерлери. 18-февралдагы кагылыштарда кеминде 28 адам өлгөн, жүздөгөн адамдар жараат алды.

Бейшембиде Киевде полиция менен демонстранттардын кагылышы кайра жанданды. Протестчилер полицияга "Молотов коктейлдерин" ыргытса, полиция кызматкерлери көздөн жаш агызчу газ чачып, желим окторду колдонууда. Кагылышуулар оппозиция менен президент Янукович “жарашуу” жөнүндө жарыялаган соң, бир нече сааттардан кийин башталды (AiK).

XS
SM
MD
LG